Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: «Жетим-Тоо» кени мамлекетке таандык

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 524 | 0

Өкмөт «Жетим-Тоо» кени боюнча айрым саясатчылардын билдирүүсүнө жооп берди.

Өкмөттүн кайрылуусунда айрым саясатчылар Нарын облусунда жайгашкан «Жетим-Тоо» кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканы, бул коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөрү белгиленет.

«Жетим-Тоо» кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес. Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү менен өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, «Жетим-Тоо» кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн жылына 200 миллион доллардан ашуун киреше түшөт. Өкмөт бул бюджеттин кирешесин көбөйтөрүн, социалдык программалар каржыланып, бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшаса болорун билдирди.

Бул долбоорду ишке ашырууда, салыктарды төлөөдөн тышкары, жергиликтүү элдин кызыкчылыктары эске алынып, дүң кирешенин 2%ы Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.

Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM