Өзбекстанга азык-түлүк экспорттоочу ишкерлердин маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев кабарлады.
Маалымат базада төмөнкү багыттар камтылган:
-сүт азыктары;
-эт азыктары;
-картошка;
-дан азыктары.
Министрдин айтымында, экспортерлордон маалымат базасын түзүү үчүн сунуштар кабыл алынат. Аны minselhozgovkg@gmail.com дарегине жиберүү керек.
Кызыкдар тараптар азык-түлүктү жеткирүү шарттарын, твоардын көлөмүн жана кандай баада сатыларын кат жүзүндө сунуштай алат.
Каттар 18-декабрга чейин кабыл алынат.