Эртең, 17-декабрда саат 11:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында (Байтик Баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши) жаңы жылдык жарманке ачылат.
Ал 17-20-22-28-декабрь күндөрү саат 11:00дөн 15:00гө чейин иштейт.
Жарманкеде Жаңы жылга карата белектерди сатып алууга болот. Ошондой эле «Семетей», «Кыргыз Руху», «Доор», «Сувенир» чыгармачылык жамааттары концерттик программа тартуулайт.