Биз менен байланышыңыз

Орусияда мигранттардын саны 2 эсе кыскарган

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 591 | 0

Орусиядагы мигранттардын саны ушул жыл ичинде дээрлик 2 эсе кыскарган. Бул тууралуу Орусиянын ИИМи билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Министрликтин айтымында, Орусияда учурда 6 миллиондой мигрант бар, бул көрсөткүч башка жылдарда 11 миллионго чейин жетчү.

Ошондой эле миллионго жакын адамда убактылуу же туруктуу жашаганга уруксат кагазы бар. Катталган эмгек мигранттарынын көпчүлүгү патент менен иштейт.

«2020-жылдын 1-ноябрына карата Орусияда патенттин негизинде 1 миллион 300 миң (өткөн жылдын ушул маалында 1 млн 700 миң), уруксат берүү жолу менен 85 миң чет элдик жаран эмгектенип жатканы маалым болду. Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерден келген жарандар менен 368 миң (бир маалыматта 508 миң) эмгек келишими же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Орусия ИИМи берген маалыматка таянып айтсак, эмгек мигранттарынын басымдуу көпчүлүгү чоң шаарлардагы экономикасы жакшы делген борборлордо эмгектенишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM