Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 15 Дек 2020 | 565 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө Кубогунун жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күч сыноодо. Ал чейрек финалдан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде утуп алды. Эми жарым финалда германиялык Алине Фоккен менен кармашат.

Сербияда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда кыргызстандык дагы бир балбан Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта беттешет.

Нураида Анаркулова (57 кг) алгачкы күрөшүүсүндө польшалык атаандашына жеңилип калган.

Бүгүн, 15-декабрда кыргызстандык балбан, Азиянын үч жолку, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт.

Анын атаандашы латвиялык Анастасия Григорьева болмокчу. Тыныбекова буга чейин жарым финалда орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңип алган.

Учурда кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда 1 алтын, 2 коло медаль бар. Ал грек-рим күрөшү боюнча спортчулар Жоломан Шаршенбековго, Калы Сулаймановго жана Руслан Царевге таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM