Биз менен байланышыңыз

«Казакстандык миллиардердин китеп окуу ыкмасын сунуштайм»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 947 | 0

Мурда диний багыттагы китептер көп окулса, учурда өлкөнү өнүктүрүү, бала тарбиялоо боюнча эмгектер көп окула баштады. Каржылык сабаттуулук, өзүн өнүктүрүү багытындагы китептерге да суроо-талап көп. Бул тууралуу китеп күйөрманы Булутбек Имаров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал казакстандык миллиардер Маргулан Сейсембаевдин китеп окуу ыкмасы тууралуу айтып берди.

«Мен Сейсембевдин ыкмасы менен 3 китеп окуп көрдүм. Өтө пайдалуу экен. Ал китептеги маалыматтарды болушунча өзүнө сиңирүүгө аракет кылат экен. Маселен, анекдот, афоризм, пайдалуу кеңештерди өзүнчө белгилеп коюп, керектүү учурда карап турат. Китеп окуу дароо болбосо да, белгилүү учурларда пайдасын берет», — дейт Имаров.

Ал мындан сырткары бир убакта парралелдүү түрдө бир нече китептерди окуу мыкты ыкма экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM