Биз менен байланышыңыз

Шайлоо коллегиясы Байдендин жеңишин ырастады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 407 | 0

АКШнын Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү штаттардагы добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгында президент болуп Жо Байден шайланганын тастыкташты.

Жалпы жыйынтык боюнча Байден 306, Дональд Трамп 232 добушка ээ болгон. Жеңүү үчүн 270 добуш жетиштүү болот.

Жо Байден шайлоочулар коллегиясынын добушунун  жыйытыгын жарыялап: «Дагы бир ирет АКШда мыйзамдын, биздин Конституциябыз менен элибиздин бийиктиги орноду», — деди.

Эми шайлоочулар коллегиясынын добушун АКШ Конгресси 6-январга чейин расмий бекитүүсү зарыл. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 20-январда өтөт.

Ал эми Трамптын командасы шайлоо жыйынтыгын талашып, соттордо далилдөө максатын улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM