Биз менен байланышыңыз

Сайдилкан: Парламентаризмдин «п’сын» көрө алган жокпуз

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 504 | 0

Аймактык-территориалдык реформаны эки баскычта өткөрүү туура болот. Бир канча жылдан соң райондорду ирилештирүүгө болот, бирок азырынча эртелик кылат. Мындай пикирин ишкер Жодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аймактык-территориалдык реформа каражат талап кылбайт, тескерисинче каражатты үнөмдөйт. Бул — бийликке упай топтой турган реформалардын бири.

«Карапайым элде «парламентаризм бизге жарашпайт экен» деген түшүнүк пайда болууда. Тилекке каршы, парламентаризмдин «п’сын» көрө алган жокпуз. Биз парламентаризмге жетпей калдык. Бизге преференциалдык шайлоо системасы керек, бул боюнча мыйзам кабыл алуу зарыл. Элге депутатты тандоо укугун кайтарып берсек, партияга, парламентаризмге болгон ишеним кайтат», — дейт Сайдилкан.

Анын пикиринде, акимдерди партиялар сунушташы керек. Ошондо алар ирилешип, улуттук, идеялардын партиясы пайда болот. Ал эми облустарды жоюп салуу кажет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM