Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан бир катар эл аралык жана ички аба каттамдарын жандандырды

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 1361 | 0

Кыргызстан бир катар эл аралык аба каттамдарын кайрадан жандандырды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан жана Орусияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларына ички авиакаттамдар калыбына келтирилди.

Түркия:

— Бишкек—Стамбул—Бишкек, жумасына 1 жолу «АвиаТраффикКомпани»;

— Стамбул—Бишкек—Стамбул, жумасына 5, «Түрк аба жолдору»;

— Стамбул—Бишкек—Стамбул, жумасына 7 жолу, «Пегасус Эйрлайнс»;

— Анталья—Бишкек—Анталья, жумасына 1 жолу, «Пегасус Эйрлайнс».

Орусия:

— Москва—Бишкек—Москва, жумасына 1 жолу, «Аэрофлот»;

— Бишкек—Москва—Бишкек, жумасына 1 жолу, «АвиаТраффикКомпани».

Казакстан:

— Алматы—Бишкек—Алматы, жумасына 2 жолу, «Эйр Астана».

Бириккен арап эмираттары:

— Дубай—Бишкек—Дубай, жумасына 3 жолу , «Флай Дубай».

Өзбекстан:

— Ташкент—Бишкек—Ташкент, жумасына 1 жолу, «Узбекистон хаво йуллари».

— Кыргызстандын аймагында үзгүлтүксүз каттамдар «AviaTrafficCompany» жана «Tez Jet» авиакомпаниялары тарабынан аткарылууда:

— Бишкек—Ош—Бишкек, «Тез Жет» күнүнө 3 жолу (жумасына 21 каттам).

— Бишкек—Ош—Бишкек, «АвиаТраффикКомпани» күнүнө 1 жолу (жумасына 7 каттам).

— Жалал-Абад—Бишкек—Жалал-Абад, жумасына 1 жолу «Тез Жет».

— Бишкек—Баткен—Бишкек, жумасмына 1 жолу «Тез Жет».

Исфанага ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттар боюнча учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM