Биз менен байланышыңыз

Электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти

Экономика | 14 Дек 2020 | 1036 | 0

Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бүл тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйында айтылды.

Кыргызстанга суук ноябрь айынан тарта түшүп баштаган. Мындан улам эл электр энергиясын ченемден ашык сарптоого өттү. Алсак, кечээки күнгө алынган маалымат боюнча 3 миң 240 МВ электр энергиясы сарпталган. Мындай көрсөткүч 2018-жылы байкалган. Аталган жылдын 29-январында электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3 миң 224 МВ рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Бирок ал учурда абанын температурасы -20…-30 градус болсо, өткөн түндө аба температурасы -10 градусту гана түздү.

Анткен менен электр энергия тармагы күз-кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштери 100%га аткарылган. Мындан тышкары электр энергияны сарптоо кескин өсүп жатканына тынчсызданып, жарандарды  үйдү жылытууда көмүр менен газды да колдонууга чакырды.

«Электр энергиясы ченемден көп пайдаланылып кетсе, автоматтык өчүрүүлөр орун алып, коргоочу жабдуулар иштен кетет. Аталган коргонуу каражаттары жарактан чыкпашы үчүн жарандарды электр энергиясына күч келтирбей, үйдү жылытууда көмүр менен газды да колдонууга чакырабыз». 

Ал эми «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Эмил Куданалиев Өкмөттүн токтомуна ылайык бир күндүк энергияны сарптоо лимити 61 млн КВттан ашпоосу зарылдыгын, өткөн түндө ал дээрлик 8 млн КВка ашык сарпталганын айтты.

«Өкмөтүн токтому менен атайын лимит белгиленген. Декабрдын лимити 1 млрд 886 млн КВ/саат. Күндүк керектөө 61 млн КВ/сааты түзүшү керек. Жогоруда айтылды, кечээ түнү ал 69 млн КВ/саатты түздү. Ал дээрлик 10% га көбүрөөк болуп жатат. Азыр бул тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз». 

ГЭСтер жана Бишкек ЖЭБи бүгүнкү күндө жогорку режимде иш жүргүзүүдө. Анткен менен жалпы электростанция боюнча акыбал туруктуу экенин «Электрдик станциялар» ААКнын башкы директору Жолдошбек Ачикеев маалымдады.

«Берилген режимде иш жүргүзүлүүдө. Айта кетчү жагдай, өткөн суткада электр энергиясы ашыкча сарпталды. ТЭЦ Бишкектин жүктөмү план боюнча 310 МВ болчу, бүгүнкү күндө ал 360 МВты түздү. ГЭСтер жогорку режимде иштеп жатат. Ошого байланыштуу жарандардан электр энергиясын үнөмдүү колдонууну суранат элек». 

Эскерте кетсек, аба ырайынын кескин төмөндөөсүнө байланыштуу электр энергиясын белгиленген чектен ашыкча пайдалануу Борбордук Азия мамлекеттеринин баарында орун алууда.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM