Биз менен байланышыңыз

Жалил Атамбаев УКМКга чакырылды

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 962 | 0

Ош шаарында УКМКнын тергөө органдары ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун 12-декабрда өткөн үйлөнүү тою боюнча текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызмат ушул күндөрү айрым райондордо жана Бишкек менен Ош шаарларында эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүндө экенин жүйө келтирет.

«Массалык иш-чараларды жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө болгонуна карабастан, ишкер Жалил Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, коомчулукта көптөгөн нааразычылыктарды жаратып, миңге жакын адамдын катышуусунда дүңгүрөгөн той өткөрдү»,-деп айтылат маалыматта.

Жалил Атамбаевдин уулу учурда УКМКнын кызматкери. Атайын кызмат Жалил Атамбаевдин уулуна карата кызматтык иликтөө баштады, анын жыйынтыгында кызматтан бошотууга чейин тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Текшерүүнүн алкагында Жалил Атамбаев бул фактынын бардык жагдайларын тактоо үчүн УКМКнын тергөө органдарына чакырылды.

УКМК  ага карата эң катаал чаралар көрүлөрүнө ишендирүүдө.

Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов, элчи Ибрагим Жунусов жана башка белгилүү адамдар катышкан.

Бул коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM