Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрт чыгып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түзөт.
Анын кесепетинен 1 аял, 1 кыз, 2 бала каза болду.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, кечки саат 20:47де толук өчүрүлгөн.
Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.