Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Жээнбековдун кол тамгалары жарактуу деп табылды

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 588 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков тапшырган кол тамгалардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу Жээнбековдун штабынан кабарлашты.

БШКнын жумушчу тобу мурдагы депутат Равшан Жээнбековду колдоо үчүн топтолгон кол тамгаларда мыйзам бузуулар болбогонун тактады.

3-декабрда талапкер Равшан Жээнбеков 39 миң 874 кол тамга тапшырган.

Мындан тышкары, президенттикке талапкерлер Курсан Асанов, Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Арстанбек Абдылдаевдин кол тамгалары да бекитилген.

Дагы бир талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактары жараксыз деп таанылган. БШКнын маалыматына караганда, кол коюу барактары шайлоо фондунан акча төлөнө электе эле жасалганы аныкталды. Бул мыйзамга каршы келет.

Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимине каршы сотко кайрылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM