Улуттук банк интервенция өткөрүп, валюта рыногуна 21, 15 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын сайтына жарыяланды.
Бул декабрь айындагы үчүнчү интервенция. Улуттук банк декабрда 36,7 млн доллар сатты.
Жыл башынан бери 467,15 млн доллар сатылды.
Кыргызстанда акыркы айларда АКШ долларынын курсу жогорулап жатат. Буга байланыштуу улуттук валютанын курсун туруктуу сактоо максатында Улуттук банк байма-бай интервенция жүргүзүүдө.
Учурда коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар кыргыз сомуна карата 84 сом 75 тыйындан 90 тыйынга чейин болууда. Расмий курс 11-декабрга карата 84 сом 80 тыйын деп белгиленген.