Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 12-декабрда көпчүлүк аймактарга туман түшөт

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 367 | 0
Баткен. Сүрөт: Алишер Алиев

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 12-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт, жолдорго муз тоңот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -9….-14, күндүз -4…+1;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарын дубанында түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -2…-4 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM