Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Бийликтин мамилеси дефолтко түрткөндөй болуп жатат

Кыска кабар , Экономика | 11 Дек 2020 | 1010 | 0

Бүгүн өлкө экономикасы кыйынчылыкка кабылып, мамлекеттин тышкы карызы баарын тынчсыздандырууда. Жалпысынан Кыргызстандын 4,8 миллиард доллар тышкы карызы бар. Ошону менен бирге казынадагы тартыштык 35 миллиард сомдон ашары болжолдонууда.

2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин тышкы карызы ИДПнын 60 %ынан ашып кетсе, кредиттик ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышыбыз мүмкүн экенин Евразия өнүктүрүү банкынын экономисттери белгилеп келет.

Өлкөнүн тышкы карызы боюнча маселе мурдатан бери эле болуп келгенин экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбай Абдыров билдирди. Анын айтымында, карызды бербей коюу өлкөнүн аброюна шек келтирет.

«Карызды бербей койгонубуз өлкөбүздүн аброюна аябай жаман таасир тийгизет. Убагында карыздардан кутулбасак, анда көптөгөн мамлекеттер биз менен кызматташуудан баш тартат. Ошондой эле инвестицияларды келтирбейт жана карыз да бербей калышы ыктымал. Ушуну менен бирге да көп кыйынчылыктар жаралат». 

«Учурда бийликтин мындай мамилеси атайын дефолтко түрткөндөй болуп жатат» деген мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев андан алыстата турган кадамдар жасалбай жатканын айтат.

«Бүгүнкү күндө бийликтин кылган мамилеси ошол дефолтко карай түрткөндөй. Андан алыстата турган кадамдар жасала элек. Кандай кадамдар жасалышы керек? Эң биринчиден, мамлекет элге кылган кызматынын ичиндеги уурулукту, коррупцияны токтотушу зарыл. Коррупциянын толук түрдө токтогонуна элдин көзү жете элек. Ал жердеги тууганчылык, досчулук жана баарына бирдей ачык, калыс түрдө иш жүргүзүлбөгөнү уурулукка шарт түзөт. «Бюджетти толтурат элек» деп, элди тоноп, кысып баштаганда, дагы бир сыйра ишкерликти төмөндөтөт, иш кылган адамдарды чочутат. Андан кийин алар өздөрү качышат, тапкан акчасын башка жерге катканга аракет кылышат. Ошентип биз туңгуюкка бурулуп баратабыз, бул — абдан коркунучтуу нерсе».

Мындан сырткары ал эгер дефолтко кабылсак, карапайым элдин жашоо шарты аябай оор болорун кошумчалады.

Ал эми экономика илимдеринин профессору Кубанычбек Идинов өлкө дефолтко учурабасына ишенимин билдирип, карыздан кутулуунун эң башкы жолу катары экономикалык амнистияны тез арада ишке ашыруу керек деген сунушун берди.

«Жок, өлкөбүз дефолтко кабылбайт. ИДПнын 60 %ына жакындап калды, азыр сырткы карыз 55 % болуп калды. Карызды өз убагында төлөп берүүгө көнүү керек. Биринчи ирет экономикалык амнистияны ишке ашыруу зарыл. Биринчи президент убагында бир нече уюмдардан 1 млрд доллар карыз алган. Аны мамлекет ишканаларды ачуу, завод-фабрикалардын ишин кайра жандантуу үчүн алган, бирок жыйынтык чыкпай, акчаны башка жерге иштетип салган. Кийин ал карыздын ордуна күрөөгө биздин алтындан берип, банктарынан кутулуп кеткен. Ушундай коррупциялык иштер ишке ашып жатпайбы. Качып кеткен эки президент, анан азыр камакта отурган Атамбаев ар бири 1 млрд доллардан бериши керек. Ошондо Кытайдын карызын жаап коёбуз, ары жагынан ала бергенге мүмкүнчүлүк болуп калат». 

Эксперттердин айтымында, Кыргызстан дефолтко кабылса, эл жакырчылыкка батып, керектүү медициналык жардам алуу, билимге умтулуу мүмкүнчүлүктөрү азайып, күнүмдүк тириликке да акча таба албай калат. Мунун кесепети чыр-чатак, зомбулук, уурулук, каракчылык сыяктуу кылмыштык иштердин эселеп көбөйүүсүнө жеткириши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM