Биз менен байланышыңыз

«КАЗ Минералз Бозымчак» кенинин кызматкерлери митингге чыкты

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 583 | 0

Бүгүн, 11-декабрда Өкмөт үйүнүн алдына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан «КАЗ Минералз Бозымчак» ишканасынын кызматкерлери митинг өткөрүштү.

Алар 31-декабрда комбинаттын жабылганы тууралуу маалымат алышканын, эгер андай болсо, ишсиз калышарын айтышууда.

Топтолгондордун алдына Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев чыгып, талаптарын укту. Ал 14-декабрь күнү Бозымчактагы ишканага барарын кабарлады.

Чогулгандардын суроолоруна жооп берип жатып, комбинаттын иши жаңы жылга чейин жанданарын айтты.

«Президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров кенге барганда эмне үчүн завод иштетилбей жатканын жергиликтүү бийликтен сураган. Бозымчактагы комбинат жакшы иштеши керек. Биз демалыш күнү маселени жергиликтүү бийлик менен жеринде чечүүгө аракет кылабыз. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков да бул боюнча жергиликтүү бийлик жооптуу деген. Негизи ал жерде жергиликтүү тургундар менен айрым маселелер чыккан экен, ошол чечилсе, комбинат жаңы жылга чейин ишке кириши керек», — деди Сагынбаев.

Бозымчак тоо-кен иштетүү комплекси быйыл 7-октябрда ишин токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM