Биз менен байланышыңыз

Зюганов «Коронавирус» аттуу анекдоттор жыйнагын чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 892 | 0

Орусиянын Борбордук аткаруу комитети партиясынын төрагасы Геннадий Зюганов жаңы жылга карата «Коронавирус» аталышындагы анекдоттор жыйнагын даярдайт.

«РИА Новостиге» берген маалыматына караганда, төрага жаңы жылдык майрамды үй ичинде чакан концерт уюштуруп, үй-бүлөсү менен тосууну пландаштырууда.

«Мен жаңы жылды үй-бүлөм менен тосом, досторумду, санаалаштарымды куттуктайм. Неберелерим үй ичинде концерт даярдап коюшат», — дейт Зюганов.

Ошондой эле анекдоттордун жаңы топтомун даярдап жатканын, ал «Коронавирус» деп аталарын кошумчалады.

Анын айтымында, Жаңы жыл үй-бүлө менен тосулуучу «мыкты майрам» болуп саналат.

Геннадий Зюганов Орусиянын Борбордук аткаруу комитети партиясын 1993-жылдан бери жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM