Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев Бишкек шаарындагы ЕККУ программалык офисинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту.
Бажы кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда 2021-жылга карата пландалган иш-чаралар талкууланды. Ошондой эле бажы кызматынын борбордук аппаратынын кырдаалдык борборун техника менен жабдуу, бизнес-процесстерди автоматташтыруу, бажы кызматынын иш ыраатын санариптештирүү, кызматкерлердин адистик деңгээлин жогорулатуу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча милдеттерди аткаруу үчүн көмөк көрсөтүү маселелери сүйлөшүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында кырдаалдык борбордун иштөөсү үчүн Бажы кызматына жабдуулар тапшырыла турган болду.