Connect with us

Рыноктун талабын эске албаган билим берүү

Билим-маданият , Коом | 11 Дек 2020 | 1066 | 0

Кыргызстанда жогорку окуу жайды аяктаган студенттердин дээрлик 80 %ы өз кесиби боюнча жумуш таба албайт. Бул маселенин келип чыгышына эксперттер Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуу планынын эскирүүсү, кесип тандоодогу стереотиптер сыяктуу бир канча көйгөй себеп экенин айтышат.

Нурзат Саадатбекова — учурда 28 жашта. Ал 2015-жылы Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетин аяктаган. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң, бир жылга жакын жумуш издеген. Бирок ылайыктуу жумуш таппай, чет жерге иштегени жөнөгөн. Нурзат Саадатбекованын ата-энеси убагында чачтарачтын окуусун сунушташкан, бирок классташтарынын бардыгы жогорку окуу жайларына тапшырып жаткандыктан, университетке тапшырууну туура көргөн.

«Университетти бүтүп эле жумуш издедим. Ишенесизби, бир жылга жакын жумуш издедим, дипломумду көтөрүп алып. Бир жумушка орноштум эле ортодо, эми айлыгын сурабаңыз. «Төрт жылдык эмгегим текке кетип калабы?» — деп ызаландым албетте. Анан айласыздан Москвага кеттим. Бул жакта иштеп жатканыма төрт жыл болду. Көнүп деле калдым. Ата-энем, бир туугандарыма акча салып турам. Бул жакта кафеде ашпозчунун жардамчысы болуп иштейм. Өкүнөм деп деле айтпайм, бирок өз кесибиң менен, туулуп-өскөн жериңде иштегенге эмне жетсин». 

Онлайн университеттин негиздөөчүсү, билим берүү боюнча адис Элира Турдубаева жумушсуздук маселесинин келип чыгышына көп фактор таасир этерин билдирди. Анын айтымында, факторлордун башатында окуу жайлардын жумуш менен камсыздоо секторлору менен мамилесинин жоктугу турат. Университеттердин көпчүлүгү теория багытында гана иш алып барып, практикалык негизге анчейин көңүл бурулбайт.

«Сабак берип гана тим болуп, көпчүлүгү сектордон алыстап кеткен. «Сектордо кандай өзгөрүү болуп жатат? Аларга кандай адистер керек? Студенттер кандай жөндөмдөргө ээ болушу керек?» дегенди университет билбейт. Окуу жайлар өз алдынча эле даярдап жатат кадрларды. А негизи окуу жайлар сектор менен тыгыз иш алып барганда туура болмок. Керек болсо университет ал жактагы адистерди чакырып, студенттер менен жолугушууларды уюштуруп бериши зарыл. Сектор менен бирге окуу планын түзүп, студенттер кандай жөндөмдөргө ээ болушу керектигин чогуу талкуулап, иш алып баруу — учурдун талабы. Тилекке каршы, бизде андай жок». 

Ал эми профессор Каныбек Осмоналиев мындан бир канча жыл мурда «модага» айланган экономист, юрист өңдүү кесиптер азыр өлкөдө актуалдуу болбой калганын белгилейт.

«Рынок өзү эле тандап койду. Себеби ошол экономисттер, юристтер таксист кызматын аркалап жүрүшөт го азыр. Ушунун баарын мамлекет көзөмөлдөшү керек эле. Мисалы, экономисттер, юристтер акча төлөп окушат. Бул көпчүлүк университеттерге майдай жагат. Анын башчылары келечекти ойлобостон, акчанын аркасынан жүгүрүп калышты. Элестетип көрүңүздөр, Кыргыз улуттук университети эле бир жыл ичинде бул багыттан миллиард сом табат экен. Бул эмне деген акча? Ал кандай жумшалып жатат? Элдин ойлогон эч ким жок. Мунун кесепетин ошол студенттер жана алардын ата-энелери тартып жатат». 

Эскерте кетсек, адистиги боюнча жумушка орношуу Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө да бар. Чет элдик адистер муну жоюунун бир баскычы катары университетте окуу мөөнөтүн кыскартууну да сунушташкан. Ал эми «Тесла», «Гугл» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери азыркы жаштарды билим менен кошо кесип үйрөнүүгө жана анын адиси болууга чакырып келет.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM