Биз менен байланышыңыз

Мекке шаарын саранча каптап жатат (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 2499 | 0

Сауд Аравиянын Мекке шаарын саранча түркүмүндөгү чегиртке каптап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымат таратышты.

Мекке шаарынын бардык аймагын каптаган чегиртке бак-дарактарга, өсүмдүктөргө зыян тийгизүүдө. Ал тургай виделордон Мекке шаарынын Аль-Харам мечитинин ичине чейин кирип кеткенин көрүүгө болот. Буга тынчсызданган жергиликтүү тургундар атайын видеолорду тартышып, бийликтен чара көрүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, чегирткелерди тез арада жок кылбаса, Мекке шаарын байырлагандардын ачарчылыкка кабылуу коркунучу бар.

Саранча түркүмүндөгү чегирткелер адатта жырткыч катары сыпатталат. Алар көбүнчө ысык аймактарды байырлап, өсүмдүктөр менен азыктанат. Көп учурда аба ырайы өтө кургакчыл болуп кеткенде пайда болуп, эгин-тегин, бак-дарактарды кыйратып, талкалап кетет. Саранча каптаган дарак бир канча жыл мөмө бербей, ал тургай өзүнөн өзү куурап калуу коркунучу бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM