Биз менен байланышыңыз

«Соода-өнөр жай палатасы «өлүк» ишканага айланды»

Саясат , Экономика | 9 Дек 2020 | 1731 | 0

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына жаңы жетекчини шайлоо жараяны ишкерлердин нааразылыгын пайда кылды. Жетекчини дайындоо 18-декабрь күнү ата мекендик ишкерлер чогулган чоң курултайда бекитилет. Айрым ишкерлер шайлоого чейин өтө турган башка жыйындар жаап-жашырылып келгенин айтышат.

Жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулунун айтымында, азыркы тартип боюнча жетекчини дайындоодо палатага мүчө болгон компаниялардын бардыгы катышып, добуш бере албайт. Болгону 118 ишкананын жетекчисине гана тандоо укугу берилген. Бул көрүнүш добуш бере турган тараптар тандалма жүрүп жаткандыгынан кабар берет.

Маалыматка ылайык, палатага 1180 компания мүчө болгон. Бул жолку шайлоодо 10 компания биригип, арасынан бир ишкананын башчысын курултайга катышып, добуш берүү үчүн өкүл катары жөнөтө алат. Ошондо курултайга жалпы 118 гана ишкер катышат. Соода-өнөр жай палатасынын азыркы төрагасы Марат Шаршекеев шайлоо ишкерлердин ачык тандоосу менен өтөрүнө кепилдик берерин айтат. Ал ишкана жетекчилеринин баарынын чакырылбаганын пандемияга байланыштуу чектөөлөр менен түшүндүрдү.

Ишкерлер муну жөн гана шылтоо катары баалашып, технология өнүккөн маалда аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзсө болмок дешет. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына ата мекендик ишкерлерди колдоо, өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү, эл аралык ишкерлер менен байланыштарды күчөтүү милдети жүктөлгөн. Мындан тышкары ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, чет өлкөгө экспорттоло турган өндүрүмдөргө лицензияларды тапшырат. Темирлан Сарлыкбек уулу палатанын иши экономиканы көтөрүүдө маанилүү күч экенин белгилеп, мындай жооптуу кызматка чет тилдерин билген, тажрыйбалуу, жаш адистер келиши керек деген пикирде.

«Уюм ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп, эл аралык ишкерлер менен байланыштырып, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керек. Андан тышкары ишкердиктин келечегине анализ жүргүзүп, багыт көрсөтүшү зарыл. А бизде бир гана сертификат сатып, мүчөлөрдөн чогулган каражатты айлык катары бөлүштүрөт. Мамлекет үчүн эң пайдалуу боло турган уюм бир адамдын кызыкчылыгын көздөгөн «өлүк» ишкана катары турат. Эгер толук кандуу иштесе, ишкерлер бизнесин коргоо үчүн Жогорку Кеңешке депутат болуп баргысы келбей калат. Анткени ишкерликке байланыштуу маселелер палатада эле чечилип баштайт».

Соода-өнөр жай палатасынын азыркы төрагасы Марат Шаршекеев аталган кызматта 2010-жылдан бери иштеп келет. Ишкерлер бекитилген шайлоо тартиптерин Шаршекеевдин кайра кызматка келүү аракеттери катары баалашат. Алар төраганы экспортко чыгуучу ата мекендик өндүрүмдөргө тастыктама кагаз берүүдөн башка эч бир иш аткарбаганын айтышат. Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев бул уюм ишкердикти өнүктүрүп, экономиканы көтөрүү багытында бир топ иштерди аткарса болмок дейт.

«Уюмдун ишинин натыйжалуулугун көтөрүп, инвестицияларды тартуу, ишкерлерге багыт көрсөтүү, өлкөнүн экспорттук деңгээлин көтөрүү үчүн уюмда толук мүмкүнчүлүк бар. Корпоративдик башкаруу системасын киргизип, ачык иштөөнү камсыздоо зарыл. Өкмөт менен өнөктөш болуп, кээ бир кызматтардын жоопкерчилигин палатага берүү керек. Эл аралык соода уюмдары менен алакаларды түзсө болот».

Белгилей кетсек, Кайрат Итибаев да уюмдун төрагалыгына талапкер катары катталган. Талапкерлерди каттоо эртең, 10-декабрда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM