Бүгүн, 7-декабрда Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эртең мененки саат 08:06 чамасында түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Жергиликтүү тургундар жиберген видеодон өрттү өчүрүп жатышканын көрүүгө болот. Алардын айтуусуна караганда, өрт балдар сабакка бара электе чыккан.
Министрлик кошумча маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.