Биз менен байланышыңыз

Боксчу Адылкан Бекболотов 58 жаш курагында көз жумду

Кыска кабар , Спорт | 7 Дек 2020 | 604 | 0

6-декабрда Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жаш курагында көз жумду.

Маалыматка караганда, ага эки ирет операция жасалып, ооруканада болчу.

Адылкан Бекболотов 1962-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында туулган.

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Бокс боюнча курама командасынын мүчөсү катары бир нече эл аралык турнирге катышып, көбүнөн алтын медаль, чемпиондук кур менен кайткан. Кыргызстанда өткөн бокс боюнча беттештерде 10 жолу чемпиондук наамды жеңип алган. Спорттук карьерасында жалпы 350 беттеш өткөрүп, анын 320сында жеңүүчү болгон. Атактуу мушкерлер Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен беттешкен. Адылкан Бекболотов эки колу менен тең кубаттуу сокку жасай алган спортчу катары белгилүү болчу.

2009-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандын бокс боюнча курама командасына башкы машыктыруучу болгон. 2017-жылдан көзү өткөнгө Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде балдар машыктыруучусу болуп эмгектенген. Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн, олимпиадалык турнирлердин катышуучуларын даярдаган. 2014-жылы «Боксту өнүктүрүү» коомдук фондун түптөп, директору катары иштеп келген.

Эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу ардактуу наамдары берилген.

Сөөгү эртең, 8-декабрда өзү туулуп-өскөн Күрмөнтү айылында жерге берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM