Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майга болгон баанын өсүшү уланууда

Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 612 | 0

2020-жылдын 6-декабрына карата күйүүчү майдын ар кандай түрлөрү 32,9-43,4 сомду түзөт. Бул тууралуу компаниялардын расмий сайттарындагы күйүүчү-майлоочу майлардын бааларына мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү болгонун «Тазабек» жазды.

Маалым болгондой, 4-6-декабрь күндөрү АИ-92 бензини 50-60 тыйынга, АИ-98 бензини 50 тыйынга, дизель 40-60 тыйынга, автогаз 50 тыйынга кымбаттаган. Тактап айтканда, учурда АИ-92 — 33,4-34,4 сомдон, АИ-95 — 36,3-37,4 сомдон, АИ-98 — 43,4 сомдон, дизель — 32, 9-34,4 сомдон, автогаз — 23,5-25,4 сомдон сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM