Connect with us

COVID-19: 328 адамдан оору аныкталып, 5 бейтап каза тапты

Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 498 | 0

Бир сутка ичинде 328 адамдын коронавирус жана пневмонияга чалдыкканы аныкталды.

  • Бишкек шаарында — 122;
  • Ош шаарында – 11;
  • Чүй облусунда – 87;
  • Ош облусунда — 12;
  • Талас облусунда — 12;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 48;
  • Жалал-Абад облусунда – 13;
  • Баткен облусунда — 17;

Ал эми стационарда 2551 бейтап, үй шартында 3441 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен:

  • 27 бейтаптын абалы жеңил;
  • 1765 бейтаптын абалы канааттандырарлык;
  • 649 бейтаптын абалы оор;
  • 110 бейтаптын абалы өтө оор.

Республикалык штаб билдиргендей, акыркы суткада COVID-19 илдетинен 455 бейтап сакайып чыгып, бейтап каза тапты.

6-декабрга карата өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 1 медкызматкер кызыл зонада жуктурган.

Муну менен илдет илээштиргендердин жалпы саны 74 973кө жетти, анын ичинен 66 993 бейтап сакайып, 1295 бейтап көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM