Connect with us

Трамп келерки жумада АКШда коронавируска каршы эмдөө башталарын жарыялады

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Дек 2020 | 490 | 0

АКШда коронавируска каршы эмдөө кийинки жумада башталат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Жоржия штатындагы тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып билдирди.

Буга чейин Moderna, Pfizer жана BioNTech компаниялары АКШда алардын вакциналарын колдонууга уруксат сурап бийликке кайрылышкан.

Жоржияда сүйлөгөн сөзүндө Трамп дагы бир жолу демократтарды президенттик шайлоону бурмалоого айыптады.

«Мен утулуп калсам, жеңилгенимди мойнума алмакмын. Мен Флоридага барып, эч нерседен кам санабай жүрүп: «Сен жакшы иштедиң», — деп өзүмө-өзүм айта берчүмүн. Бирок алар (демократтар) уурдап, алдап, акча талап кылышса, биз жеңилгенибизди моюнга албашыбыз керек», — деди Трамп.

АКШ президенти ошондой эле демократтарды АКШда коммунизмди курууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Учурда Трамптын штабы бир нече штатта шайлоонун жыйынтыгын сотко берүүдө. Бир катар штаттар добуштарды кайра санап, Трамптын жеңилгенин жана Жо Байдендин жеңишин тастыктады.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, Трамп командасы сотко арыз берүүгө жана бюллетендерди кайра санап чыгууга 9 миллион доллардан ашык каражат короткон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM