Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Венесуэлада парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 239 | 0

Венесуэланын Улуттук Ассамблеясына, тактап айтканда, Венесуэла парламентине өкүлдөрдү шайлоо бүгүн, 6-декабрда өтөт. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын төрагасы Индира Альфонсо билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, талапкерлерди каттоо 10-августтан 19-августка чейин, ал эми үгүт иштери 21-ноябрдан 5-декабрга чейин жүргүзүлдү.

Азыркы учурда Улуттук Ассамблеянын көпчүлүгүн Венесуэланын башчысы Николас Мадуронун каршылаштары ээлейт.

Германия, АКШ жана башка 60тай өлкө Венесуэланын убактылуу президенти катары Хуан Гуаидону тааныйт.

Вашингтондун кысымына жана өлкөдөгү өлөсөлүү экономикалык кырдаалга карабастан, Мадуро Орусиянын жана Кытайдын аскер күчтөрүнүн колдоосуна таянып, бийликте кармалып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM