Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери пара берүү фактысы боюнча кармалды

Кыска кабар | 5 Дек 2020 | 812 | 0

2020-жылдын 27-ноябрында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерине 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын накталай түрүндө пара берип жаткан жеринен Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Б. кармалды.

Такталгандай, кармалган Р.Б. УКМК кызматкерине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн акча каражатын берген.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM