Биз менен байланышыңыз

Беш миңден ашуун москвалык COVID-19га каршы эмдөөгө катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2020 | 418 | 0

Москвада COVID-19га каршы эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Сергей Собянин өзүнүн блогунда маалымдады.

«Алгачкы беш сааттын ичинде эмдөөгө беш миң адам катталды. Алар ден соолугун жана өз өмүрүн тобокелге салган кесип ээлери: мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер», — деп жазды Собянин.

Буга чейин Владимир Путин орусиялыктарды коронавируска каршы эмдеп баштоону тапшырган. Москвада бүгүн 5-декабрда биринчи эмдөө борборлору ачылат.

18 жаштан 60 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, коронавирустук вакцинанын клиникалык сыноолоруна катышпаган, акыркы 30 күндө эмдөөдөн өтпөгөн жана суук тийип, сасык тумоого чалдыкпаган москвалыктар эмдөөдөн өтө алышат.

Алар Гамалея борборунда түзүлгөн «Sputnik V» вакцинасы менен эмделет. Негизги артыкчылыктары — коопсуз, натыйжалуу жана узак мөөнөттүү терс кесепеттери жок экенин орусиялык медиктер тастыкташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM