Биз менен байланышыңыз

Экс-вице-премьер-министр: Парламенттик башкарууну колдойм

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 527 | 0

Экс-вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде парламенттик башкаруу системасын колдой турганын билдирип, Кыргызстан буга чейин президенттик башкаруудан арыла албаганын сындады.

«Парламенттин төрагасы башкарбай, президенттин жанында жүрдү. Мамлекеттин ичинде да, сыртында да негизги ролду президент ойноп жатты. Биз өзүбүз кабыл алган Конституцияны толук сактаган жокпуз, аны Жогорку Кеңештин депутаттары да айтып чыкты. Таза парламенттик мамлекетте жашоону кааласак, мыйзамдарды сакташыбыз керек», — дейт Аскаров.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бийлик бутактары жоопкерчилик албай жатат. Жоопкерчилик премьер-министрде болуп, ага эркиндик берүү керек. Өкмөт башчыга конкреттүү ыйгарым укуктарды берүү зарыл. Ал эми президент парламент менен өкмөттүн ортосунда судья болуп турушу абзел.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM