Биз менен байланышыңыз

Аскаров бюджеттин таңкыстыгын жоюу боюнча оюн айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 635 | 0

Экс-вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде бюджеттин таңкыстыгын жоюу боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, Бажы органы, мамлекеттик кызматтар таза иштесе, башка өлкөлөр Кыргызстанга ишеним артат. Кытай жүктүн ар бир килограммын эсептеп, салыктардын түшүшүн көзөмөлдөйт. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай эмес, эсеби жок. Башка мамлекеттер, жергиликтүү ишкерлер да Кыргыз Республикасы иш алып барууда жакшы механизмдерди киргизерине үмүт артып отурат. Өлкө бюджеттин таңкыстыгын жоюу үчүн бул маселелерге көңүл бөлүшү зарыл.

Мындан сырткары кошумча жумуш орундары түзүлүп, өнөр жай ишканалары курулуп, кичи жана орто бизнестин өнүгүүсүнө эбегейсиз зор шарттар түзүлгөндө гана мамлекет көтөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM