Биз менен байланышыңыз

Тыныбекова United World Wrestling сурамжылоосу боюнча жеңүүчү болду

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 1490 | 0

Бириккен күрөш уюмунун (United World Wrestling) сурамжылоосу боюнча Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болду. Бул тууралуу уюмдун расмий Инстаграм баракчасында жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекова Инстаграм аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоодо, индиялык балбан кыз менен атаандашты. Добуш берүүгө жалпы 292 896 адам катышып, анын 58 %ы Тыныбекованы колдогон. Тагыраак айтканда 170 989 добуш алган.

Добуш берүү Бириккен күрөш уюмунун Инстаграмдагы расмий аккаунтунун сторис бөлүмүндө жүргүзүлгөн.

Тыныбекова биринчи турда япониялык Рисако Кавайдан көп добуш алды. Жарым финалда орусиялык дүйнө чемпиону Наталья Воробьева менен тең тайлашып, финалда индиялык балбан кыз менен атаандаш болду.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта дүйнө чемпиону жана бир катар мелдештерин жеңүүчүсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM