Биз менен байланышыңыз

Аскаров эмне үчүн саясатка аралашпай келген?

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 723 | 0

Аткаруу бийлигинде иштеген адам саясатка аралашпашы керек. Мындай пикирин экс-вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттө иштеген кызматкер мойнуна жүктөлгөн жумушту ийне-жибине чейин билип, ишине так болсо, милдетин аткарат. Ал эми саясат — «дарыянын экинчи жээги».

«Куудулдар айтып калышат: «10 адамды алдасаң калпычы, миң адамды алдасаң саясатчысың», — деп. Ошондуктан ушул принцип менен буга чейин эч саясатка аралашкан жокмун. Өзүмө берилген милдеттерди аткарып жүрдүм», — дейт Аскаров.

Ал мындан тышкары 15 жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп, дос-туугандан алыстап, үй-бүлөгө жетиштүү көңүл бөлө албай келгенин белгиледи. Учурда алардын ордун толтуруп, эс алып жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, Аскаров үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM