Биз менен байланышыңыз

5-декабрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 353 | 0

5-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Мырза-Аке — Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды сактоо керектигин эскертет. Ошондой эле зарыл жумуш жок болсо, тоолуу унаа жолдорго сапарга чыкпоого чакырат.

Эртең, 5-декабрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын алдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 … -8, күндүз -2 … -7;

Талас облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -2… -7;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -3 … +2, күндүз -2 … +3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -4 … +1;

Нарында түнкүсүн -8 … -13, күндүз -2 … -7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз -3…-5 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM