Түркмөнстан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантиндик чектөөлөрүн узартты. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айына чейин соода борборлору жана тамактануучу жайлар иштебейт. Ошондой эле, жаңырган жылга чейин диний мекемелер, сыйынуучу орундар жабык болот.
Буга чейин чектөөлөр 1-декабрга чейин болору айтылган эле.
Түркмөнстанда COVID-19га чалдыккандар расмий катталбаганы менен өлкөдө беткап тагуу режими сакталып, транспортто, маданий жайларда, соода борборлорунда бир катар чектөөлөр киргизилген.