Биз менен байланышыңыз

Артем Новиков манасчылардын көйгөйүн укту

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 648 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 3-декабрда манасчылар менен жолугушту. Анда Новиков кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, анын эң көрүнүктүү образы «Манас» эпосу болуп саналарын белгиледи.

Баарлашуу учурунда манасчылар чыгармачылыкта туш болгон маселелер жөнүндө айтып беришти. Маданий мекемелерде манасчы штаттык бирдигинин жоктугу жана «манасчылардын» макамы жөнүндө сөз болду.

Артем Новиков «Манас» эпосун колдоо жана жайылтуу боюнча беш жылдык улуттук программа иштелип жатканын маалымдап, Өкмөт айтылган маселелерди чечүү үчүн күч-аракет жумшайт деп ишендирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM