Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов БШКга 43 860 адамдын кол тамгасын тапшырды

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 436 | 0

КР Президенттигине талапкер Курсан Асанов Борбордук шайлоо комиссиясына 43 860 адамдын кол тамгасын тапшырды. Бул тууралуу БШКнын сайтында жарыяланды.

Мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш.

Президентти шайлоону өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.

БШКнын жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын 8 календарлык күндө текшерет.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.

Акыркы маалыматтарга караганда, президенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген 44 киши калды. 3-декабрга карата 20 талапкер миллион сомдук күрөөнү төктү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM