Биз менен байланышыңыз

Эң аз пенсия 700 сом, эң көп пенсия 145 миң сом

Коом , Экономика | 3 Дек 2020 | 1262 | 0

2019-жыл үчүн Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы боюнча мекеменин төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңешке маалымат берди. Анын айтымында, былтыр аталган мекеменин кирешеси 53 миллиард 843 миллион сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 2 миллиард 829,3 миллион сомго көбөйгөн. Ал эми чыгымдар 53 миллиард 506,3 миллион сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 3 миллиард 196,6 миллион сомго көбөйгөн.

«Пенсиялык фондго 49 миллиард 131 миллион 700 миң сом чыгымдалган. 2019-жылы пенсионерлердин саны кескин түрдө өстү. Алсак, үч-төрт жыл мурун 15-16 миң гана пенсионер болсо, былтыр 20 миң адам болду. Мында 1-октябрдан тарта пенсиянын жогорулатылгандыгын да эске алуу зарыл», — деди Жуматаева.

2020-жылга карата камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32 миллиард 399,4 миллион сом түшүп, план 98 пайызга аткарылды. Ал эми республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө 21 миллиард 34 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле туумдардан, айыптардан, күнүмдүк калдыктардын пайыздарынан, дивиденддерден жана башка ушул сыяктуу булактардан 404,6 миллион сом киреше алынган.

Ошондой эле, Жуматаева бүгүнкү күндө орточо пенсия 5 786 сомду түзөрүн айтып, эң аз пенсия 700 сом, ал эми эң жогорку пенсия 145 миң сом экенин билдирди.

«1 жарым жылдык эмгек стажы бар бир айым 700 сом менен пенсияга чыккан экен. Эң көп пенсия 145 миң сом. Бул жерде реформа комплекстүү болушу керек. Бизде ушул күнгө чейин минималдык стаж боюнча милдеттенме жок. Ошол эле өнүккөн мамлекеттерде жок дегенде 25 жыл стажы болушу керек. А биз бир жылдык стажы менен деле пенсияга чыгарып жатабыз».

Жуматаева өзгөчө эмгеги үчүн кошумча акча пенсияга 2015-жылга чейин чыккандар үчүн гана берилип келгенин, учурда мындай тажрыйба токтотулганын белгиледи.

Соцфонддун расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда 686 миң пенсионер бар.

Copyright © 2017 Maral FM