Биз менен байланышыңыз

«Малды экспорттоону чектөө эл кызыкчылыгы үчүн жасалды»

Кыска кабар , Экономика | 3 Дек 2020 | 864 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Сугат суу жөнүндө», «Таза суу жөнүндө» мыйзамдарга жана «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окуууда каралып, жактырылды.

Ал ортодо долбоордун демилгечиси Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин тармактагы иштери сынга кабылды. Депутаттар Токтогазиевдин мал жандыктарды сыртка экспорттоого тыюу салган чечими туура эмес экенин, муну тез арада кайра жандантуу керектигин, антпесе базар экономикасында ата мекендик ишкерлер ири чыгымга учурап жатканын айтышты.

Ал эми министр Тилек Токтогазиев мал экспортуна чек коюу эң туура чечим болгонун белгиледи. Анын айтымында, быйылкы жылдын акыркы 8 айында эле 5262 бодо мал Кыргызстандан тышка сатылган. Мындай көрүнүш өлкө базарларындагы эттин баасынын кескин жогорулап кетүүсүнө алып келип, карапайым элге кыйынчылык жаралган.

Министр мындан тышкары тармакта жасай турган реформалары тууралуу баяндап берди. Алардын бири: министрликте бири-бирин кайталаган кызматтар көп болгондуктан, кызматтык түзүмдөрдү бириктирип, иштин натыйжалуулугун камсыздоого шарт түзүү. Андан тышкары айыл чарбасы өнүккөн өлкөлөрдү мисал келтирип, сапаттуу үрөн өндүрүп, экспорттоону колго алуу мерчемделгенин, ошондой эле малды көбөйтүп, эл аралык адал стандарттарына жооп бере турган эт азыктарын экспорттоо планы бар экенин, ал үчүн тышкы инвесторлор, эл аралык уюмдар менен иш алып баруу каралып жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM