Бүгүн, 3-декабрда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна «Нива» үлгүсүндөгү 19 санитардык унаа тапшырылды.
Бул унаалар Дүйнөлүк Банктын «COVID-19» долбоорунун алкагында сатып алынганын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Бөлүштүрүү планына ылайык, санитардык унаалар Ош, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Нарын, Ысык-Ата, Панфилов, Кемин, Жети-Өгүз, Тоң, Токтогул, Кара-Буура, Ак-Суу, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Кызыл-Кыя, Алай, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна таратылып берилет.