Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Кубатбек Боронов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Боронов коронавирус жуктуруп алган. Анын абалы канааттандырарлык.
Ал эми реанимацияга түшүп калды деген маалыматтар туура эмес.
Кубатбек Боронов быйыл 5-6-октябрдагы окуялардан кийин отставкага кеткен.
Кубатбек Боронов 2020-жылдын 17-июнунан 9-октябрга чейин премьер-министр болду.
2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын июнь айына чейин вице-премьер-министр болгон.
2011-жылдан 2018-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри болгон.