Биз менен байланышыңыз

Сузак милициясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди таратты

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 586 | 0

Бүгүн, 3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Сузак райондук милициясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди таратты.

Сузак РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана жергиликтүү тиешелүү кызмат өкүлдөрү район аймагында каттоодо турган жаш өспүрүмдөрдүн учурдагы абалынан кабар алышып, керектүү азык-түлүк жана кийим-кечектерди, таттууларды тапшырышты.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ата-энелерине жана аларды багып жаткан камкорчуларына түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган жашы жете электерди камкордукка алуу иш-чарасы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте улантылат.

Сузак районунун аймагында жалпы 1700дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм бар.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 193,7 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын 32 миӊи балдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM