Биз менен байланышыңыз

Насыяны 15 мүнөттүн ичинде алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Блог , Экономика | 3 Дек 2020 | 1056 | 1

Бүгүн насыя алуунун шарттары боюнча кардарларды өтө көп түйшөлткөн суроолорго «ИНКОМ» микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева жооп берет.

— Сиздин мекемеңиз насыяны канча убакытта бере алат? Тез алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

— Биздин компанияда кардарларга 5 миңден 1,5 млн сомго чейинки насыялар берилет. Эгерде кардар 20 миңден жогорку суммада насыя алууну кааласа, карап чыгуу мөөнөтү 2 жумушчу күнгө созулат. Белгилей кетсек, бизде жаңы «онлайн кредит» каржылык продуктусу ачылган. Анда насыя 15 мүнөттүн ичинде каралат. Шарттары өтө жеңил жана сиздерге ыңгайлуу. Ал үчүн http://incom.kg/ сайтына кирип, «Онлайн-кредит» дегенди басып, ал жактагы бардык суроолорго жооп берип, паспортуңузду сүрөткө тартып жүктөйсүз. 15 мүнөттүн ичинде телефонуңузга смс түрүндө жооп келет.

— Эгер менде башка компаниядан насыя бар болсо, сиздерден кошумча насыя алсам болобу?

— Эгерде сизде эки кредитти бирдей төлөөгө мүмкүчүлүгүңүз болсо, анда экинчи кредитти берүүгө биздин компания даяр.

— Насыяны мөөнөтүнөн мурда жаап койсом болобу?

— Эгерде сизде ири суммадагы акча пайда болуп калса, насыяны мөөнөтүнөн мурда жаап коюуга укугуңуз бар. Ал үчүн каржылык мекемеге арыз жазышыңыз керек. Ошондон кийин гана насыяңызды мөөнөтүнөн мурда төгүп койсоңуз болот.

— Менин бизнесим жок, бизнес ачуу үчүн насыя алсам болобу?

— Биздин компанияда насыя берүүчү кызматтардын чөйрөсү кыйла кеңири. Биз ар бир кардардын иш-аракеттеринин муктаждыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишкерлердин ар кандай көйгөйлөрүн чечүү үчүн ар кандай өнүмдөрдү жана кызматтарды сунуштайбыз. Биздин компания бизнести өнүктүрүү үчүн гана насыя берет, азыркы учурда биз бизнес ачуу үчүн жаңы каржылык продукттун үстүндө иштеп жатабыз.

— Компанияңыздардан канча сомго чейин насыя ала алам?

— Биздин компаниянын артыкчылыгы: ар бир кардарга жекече мамиле жасоо, насыяны каалаган убакта комиссиясыз төлөө, кардардын муктаждыгына жараша ийкемдүү график түзүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жашыруун чыгымдардын жана ашыкча бюрократиянын жоктугу. 5 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин насыя бере алабыз. Маселен, 1 млн 500 миң сомду 4 жылдык мөөнөт менен алсаңыз болот.

— Каттоом Нарын шаарында болсо, Бишкектеги кеңсеңиздерден насыя ала аламбы?

— Ооба. Эгерде сиздин каттооңуз Нарын шаарында болсо, бирок азыркы учурда Бишкекте жашап, иштесеңиз, анда жашаган жериңизден маалымкат алып келип, биздин компаниядан насыя алсаңыз болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Laura

    03.03.2021 09:02

    Алдын ала төлөбөстөн жеке насыя — мен чыныгы жардам көрсөтөм. Камсыздандыруу, комиссиялык төлөмдөр же ар кандай сертификаттар же чектер төлөнбөйт. Мен алтынчы жыл ачык иштеп жатам. Бардык керектүү маалыматтарды мага электрондук почта аркылуу жазыңыз. Келген каттарды мүмкүн болушунча тезирээк иштеп чыгам жана баарына жооп берем.
    Алдын ала төлөбөстөн жеке насыя — эки миллион еврого чейин алууга болот. Пайыздык чени: 3% Насыяны өзүңүз каалагандай жеке өзүңүз же алыстан алсаңыз болот. Балыкты күтпө, андай эмес. Мен жалаң гана таза иштейм, сизден дагы ушуну күтөм. Алгачкы арызды laura.wilsonsmile@gmail.com же WhatsApp: +447447067168 жөнөтүңүз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM