Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев изделүүдө

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 507 | 0

Бишкек жана Чүй облусунун аймагында 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев изделүүдө. Бул тууралуу «Маралга» жакындары билдирди.

Алардын айтымында, 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев 27-ноябрда кечке жуук «Asia Mall» соода борбору тарапта жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча белгисиз. Туугандары ал Токмок тарапта болушу да мүмкүн деп боолголоп жатат. Себеби, 28-ноябрда аны Токмок тарапта көргөндөр бар экени айтылган. Учурда Токмоктун ШИИБсине да арыз жазышкан. Бишкектеги издөө иштерин да милиция жүргүзүүдө.

Алтынбек Айдаралиевдин үстүндө боз түстөгү күрмө жана көк жынсы шым болушу мүмкүн. Бою 180-185 см, денеси спорттук түзүлүштө. Оң жак кашы кесилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM