Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы: Новиковдун сыны бизге багытталган эмес

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 609 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун бажы кызматкерлерин сындаганы тууралуу видео жөнүндө түшүндүрмө берди.

28-ноябрда Артем Новиков Чүй облусуна жасаган иш сапары алкагында «Чалдовар» көзөмөл-өткөрмө пунктуна барган. Анда ал «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат системасын түзүү тууралуу айткан.

Андан кийин жергиликтүү маалымат булактарында жана социалдык тармактарда Новиковдун бажычыларды сындап жаткан видеосу тарады.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2015-жылдын 12-августунан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы контролу алып салынган. Анын ичинде “Чалдовар — автожолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунда да алынган.

“Ушундан улам айтылган сын-пикир Мамлекеттик бажы кызматына эмес, башка контролдоочу органдарга карата багытталган”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM