Биз менен байланышыңыз

«Айсулууну колдойлу». Мыкты спортчуну аныктоо үчүн сурамжылоо жүрүүдө

Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2020 | 765 | 0

Бириккен күрөш уюму (United World Wrestling) кыз-келиндер арасында күрөш боюнча эң мыкты спортчуну аныктоо үчүн сурамжылоо өткөрүп жатат.

Сурамжылоого кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова да катышууда. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, сурамжылоо Инстаграмда жүрүп жатканын жазды.

Добуш берүү Бириккен күрөш уюмунун Инстаграмдагы расмий аккаунтунун сторис бөлүмүндө жүргүзүлөт. Ушул шилтеме менен кирүү керек.

Тыныбекова биринчи турда япониялык Рисако Кавайдан көп добуш алды. Эми жарым финалда Орусиялык дүйнө чемпиону Наталья Воробьева менен тең тайлашууда.

Финалга чыгуу үчүн кыз-келиндер күрөшүнүн легендалары менен күйөрмандардын добушу үчүн күрөш болот.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Айсулуу Тыныбековага колдоо көрсөтүүнү суранат.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта дүйнө чемпиону жана бир катар мелдештерин жеңүүчүсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM