Баткен шаардык мэриясы Айыл Банк аркылуу лизингге 16 млн сомдук 5 атайын техника сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кытай мамлекетинен чыгарылган ХОВО үлгүсүндөгү 3 таштанды ташуучу, 1 суу чачуучу, 1 бийиктиктеги жумуштарды жасоочу автоунаа шаардын муниципалдык менчик ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди.
Буга чейин Баткен «Тазалык» ишканасынын балансында эскилиги жеткен 4 техника бар болчу, бирок шаардын тазалыгын сактоодо көйгөйлөр жаралып келген.
Бүгүнкү тапшырылган техникалар Баткен шаарынын 30 миңге жакын калкын, 6400 кожолукту тейлейт.