Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны 1,5 эсеге көбөйгөн

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 389 | 0

2019-жылы Кыргызстанда 850 адам ВИЧ инфекциясын жугузуп алган. Алардын 70 пайызына жыныстык жол менен жуккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бул илдетке чалдыккандардын саны 2015-жылы 393 учур болсо, 2019-жылы 595ке жеткен, тактап айтканда, 4 жылда 1,5 эсеге көбөйгөн.

ВИЧ инфекциясынан 2019-жылы 50 эркек, 27 аял көз жумган. Алардын айрымдарынын өлүмүнө баңгизаттын ашыкча өлчөмдө берилиши жана башкалар себеп болгон.

ВИЧтен көз жумгандардын дээрлик баары 30 жаштан 50 жашка чейинкилер. 2019-жылы өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен иммундук жетишсиздик синдромуна — ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү күнү жыл сайын 1-декабрда белгиленет.

Ушул күн ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдарга карата дүйнөлүк коомчулуктун көнүлүн буруу максатында белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM