Биз менен байланышыңыз

Жолго чыгардан мурун чек арадан өтүү эрежелерин билип алыңыз

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2020 | 873 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы коронавирус эпидемиясына байланыштуу чек арадан өтүү боюнча атайын алгоритм иштеп чыккан. Аталган мекеменин берген маалыматы боюнча Кыргызстандын аймагына кирүүнү каалаган жарандар төмөнкү эрежелерди так билип алууга тийиш:

🔺 Чет өлкөлүктөр, кыргызстандыктар жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандын чек арасынын бардык өткөрүү пункттарынан өтүүдөн мурун, ПЦР- изилдөөнүн жыйынтыгын тийиштүү кызматкерлерге көрсөтүүсү керек;

🔺 Чек арадан коронавирус инфекциясынын клиникалык белгилери жок жана акыркы 72 саатта коронавирусту аныктоо үчүн жасалган ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкаты бар адамдарга гана өтүүгө уруксат берилет;

🔺 Беткап тагынуу, аралыкты сактоо, гигиеналык каражаттарды колдонуу эрежелерин сактоо зарыл;

🔺 Эгер сизден оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса анда дароо «103», «118» жана «112» кыска номурларына чалып, медициналык жана юридикалык кеңеш алыңыз. Кеңеш кыргыз, орус, англис тилдеринде акысыз берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM